22:35, 28-март, 2026

«Бишкек Арена» жаңы стадиону августта бүткөрүлөт

На русском
14:43, 28-март, 2026 829

АКИpress - Бишкектин четинде «Бишкек Арена» жаңы стадионунун курулушу уланууда.

Стадиондун сыйымдуулугу – 51 000 көрүүчү. Ал Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң чоңу болот.

Графикке ылайык, ал 2026-жылдын августунда, Кыргызстандын борбору Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин лидерлеринин саммитин өткөрүп жатканда бүткөрүлөт, ошондой эле бул жерде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы пландалууда.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»