АКИpress - Бишкекте 28-марттан баштап жолдун кыртышын реабилитациялоо иштерине байланыштуу Кронштадт көчөсүнүн Фучик көчөсүнөн Месарош көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, реабилитациянын алкагында төмөнкү иштер каралган:
- эки катмарлуу асфальт төшөө,
- ирригациялык системаны куруу,
- жаңы тротуарларды жасоо.