02:27, 28-март, 2026

28-марттан баштап Кронштадт көчөсүнүн бир бөлүгү Фучиктен Месарошко чейин жабылат

На русском
20:15, 27-март, 2026 345

АКИpress - Бишкекте 28-марттан баштап жолдун кыртышын реабилитациялоо иштерине байланыштуу Кронштадт көчөсүнүн Фучик көчөсүнөн Месарош көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, реабилитациянын алкагында төмөнкү иштер каралган:

- эки катмарлуу асфальт төшөө,

- ирригациялык системаны куруу,

- жаңы тротуарларды жасоо.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»