19:31, 27-март, 2026

Бакыт Кадыров Кыргызстандын Антальядагы башкы консулу болду. Эмгек жолу

На русском
17:57, 27-март, 2026 270

АКИpress - Бакыт Кадыров Кыргызстандын Түркиянын Анталья шаарындагы башкы консулу болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.

Буга чейин аталган кызматта Рустам Кошонов болгон. Ал дипломатиялык миссия мөөнөтүнүн аякташынан улам кызматтан кеткен.

Өмүр баяны: Кадыров Бакыт Мырзабекович 1976-жылы 15-январда Нарын шаарында төрөлгөн.

Билими: Эл аралык укук жана эл аралык мамилелер боюнча жогорку билими бар. 1998-жылы Кыргызстан Эл аралык университетин эл аралык юрист адистиги боюнча, 2004-жылы Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясын эл аралык мамилелер багыты боюнча, ошондой эле Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

Карьерасын 1999-жылы Тышкы иштер министрлигинин тутумунда баштаган. Атташе жана экинчи катчы болуп иштеген, протоколдук-тейлөө бөлүмүн жетектеген, консулдук кызматта түрдүү кызматтарды ээлеген.

Түрдүү жылдары Консулдук кызмат департаментинин экинчи жана биринчи катчысы кызматтарын аркалаган, укуктук камсыздоо жана паспорттук-визалык иштер боюнча бөлүмдөрдү жетектеген, департаменттин директорунун орун басары болгон.

2005-жылдан 2008-жылга чейин Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинде, ал эми 2013-жылдан 2016-жылга чейин Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугунда консул болуп иштеген.

2018–2022-жылдары Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинде кеңешчи кызматын ээлеген. 2023-жылдан тарта Консулдук департаменттин директорунун орун басары болуп иштеген.

Кадыров 1-класстагы кеңешчи дипломатиялык рангына ээ, кыргыз, орус жана англис тилдерин билет. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»