23:16, 27-март, 2026

Япония туристтердин агымын чектегени жатат

На русском
18:26, 27-март, 2026 378

АКИpress - 2025-жылы Японияга барган чет элдик туристтердин саны рекорддук 42,7 млн адамга жетти. Мындай шартта Япония өкмөтү жаңы планды бекитти, ага ылайык 2030-жылга чейин туристтердин агымын чектөө боюнча катуу чаралар көрүлө турган аймактардын санын 100гө чейин көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу жапон агенттиги «Kyodo News» жазды.

Туристтердин көбөйүшү — жергиликтүү тургундардын жашоо сапатына терс таасирин тийгизгендиктен, өлкө бийлиги ашыкча туризмге каршы күрөштү күчөтүүнү колго алды.

Учурда мындай демилгелер Киото шаарын камтыган 47 аймакта жергиликтүү тургундардын пикирлерин эске алуу менен ишке ашырылууда.

Бул чараларга жолдордун тыгынын азайтуу, популярдуу жерлерге баргандардын санын чектөө жана туристтик агымдарды аймактарга бөлүштүрүү үчүн транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү кирет.

Басылма жазгандай, туристтик объекттерде жергиликтүү тургундар жана чет элдик туристтер үчүн эки бөлөк баа коюу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бир туристтин орточо чыгымдарын 2025-жылдагы 229 миң иенден 2030-жылга чейин 250 миң иенге чейин көбөйтүү пландалууда.

Ошол эле учурда, бийлик 2030-жылга чейин чет элдик туристтердин санын 60 млн адамга, ал эми алардын жылдык чыгымдарын 15 трлн иенге (94 млрд доллар) жеткирүүнү максат кылууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»