22:37, 27-март, 2026

Парламентте декабрь айынан бери кандай өзгөрүүлөр болду? Хронология

На русском
17:31, 27-март, 2026 331

АКИpress - Жогорку Кеңештин 8-чакырылышы 2025-жылдын 17-декабрында кызматка киришкен. 16-мартка карата 9 депутаттын ыйгарым укуктары токтотулду. Алардын бирөө Ош шаарынын мэри кызматына дайындалды.

Окуялардын хронологиясы:

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгы 30 шайлоо округунун 29у боюнча жарактуу деп табылды. №13 округдагы шайлоонун жыйынтыгы укук бузуулардан улам жокко чыгарылгандыктан, толук курам 3 депутатсыз ишин баштады.

Урунттуу учурлар:

  • Курам 11 депутат менен жаңыланды — №13 округдан 3 депутат, 9 депутат кеткенден кийин келген 8 жаңы депутат;
  • Парламенттин жетекчилиги алмашты (спикер жана анын  2 орун басары);
  • Топтор кайрадан түзүлдү;
  • Көпчүлүк комитеттерде ротация жүрдү.

2025-жыл, 17-декабрь

Парламент 87 депутаттан турган курамы менен ишин баштады.

8-чакырылыштын депутаттарынын биринчи отурумунда төрага болуп Нурланбек Тургунбек уулу шайланды. Ошондой эле анын 3 орун басары болуп — Жылдыз Таалайбек кызы, Чыңгыз Ажибаев жана Карим Ханжеза шайланды.

5 депутаттык топ түзүлдү:

«Адилет Кыргызстан»

Курамына 14 депутат кирди: Нурбек Сыдыгалиев (төрага), Исманали Жороев, Равшанбек Рысбаев, Элдар Сулайманов, Нуржамал Төрөбекова, Сүйүнбек Өмүрзаков, Жылдыз Курманалиева, Гүлшаркан Култаева, Бахридин Шабазов, Бакыт Тентишев, Рахат Жунушбаева, Жылдыз Таалайбек кызы, Гүлнара Акимбаева, Кубанычбек Самаков.

«Ала-Тоо»

Курамына 15 депутат кирди: Жанар Акаев (төрага), Сеидбек Атамбаев, Нилуфар Алимжанова, Болотбек Борбиев, Азамжан Жалилов, Азамат Исираилов, Бактыяр Калпаев, Таалайбек Масабиров, Гүлкан Молдобекова, Медербек Саккараев, Жумабек Салымбеков, Гүлжан Сатиева, Азизбек Турсунбаев, Медер Чотонов, Чолпон Эсенаманова.

«Ата-Журт»

Курамына 18 депутат кирди: Нурланбек Азыгалиев (төрага), Гүлнара Баатырова (төраганын орун басары), Алишер Козуев (төраганын орун басары), Нурланбек Тургунбек уулу, Куванычбек Конгантиев, Камила Талиева, Дастан Жумабеков, Жылдыз Садырбаева, Улан Бакасов, Медербек Алиев, Дастан Бекешев, Салтанат Аманова, Табылды Муратбеков, Гүлай Машрапова, Жылдыз Эгенбердиева, Алтынбек Кылычбаев, Илимбек Кубанычбеков, Бурун Аманова.

«Мекенчил»

Курамына 19 депутат кирди: Кундузбек Сулайманов (төрага), Жамила Исаева, Айсаракан Абдибаева, Абдылдабек Эгембердиев, Эркеайым Сейтказиева, Бекмурза Эргешов, Ырысбек Атажанов, Шайырбек Ташиев, Советбек Рустамбек уулу, Венера Салямова, Гүлсүнкан Жунушалиева, Курманкул Зулушев, Жаныбек Абиров, Махабат Мавлянова, Темирлан Айтиев, Үмбөталы Кыдыралиев, Бекмырза Чолпонбай уулу, Карим Ханжеза жана Токтобүбү Ашымбаева.

«Элдик»

Курамына 18 депутат кирди: Акылбек Түмөнбаев (төрага), Уланбек Жаанбаев, Гуля Кожокулова, Улан Примов, Алтынбек Кудайбердиев, Улукбек Карыбек уулу, Улукбек Узакбаев, Эркинбек Исеналиев, Медина Кайрылбекова, Чыңгыз Ажибаев, Марлен Маматалиев, Эдита Тайгараева, Болот Сагынаев, Данияр Төлөнов, Адилет Белеков, Жаныбек Аматов, Бакыт Чомоев, Айгүл Ахмедова.

Депутаттык топторго 3 депутат кирген жок: Элвира Сурабалдиева (№23 округ), Эрулан Кокулов (№28 округ) жана Болот Ибрагимов (№22 округ).

Ошол эле күнү Жогорку Кеңештин 8 тармактык комитети түзүлүп, алардын төрагалары шайланды.

2025-жыл, 18-декабрь

Комитеттердин курамы төмөнкүчө болду:

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет: төрага — Курманкул Зулушев (№10 округ), орун басарлары — Кубанычбек Самаков, Гүлнара Акимбаева жана Венера Салямова. Комитеттин мүчөлөрү: Чыңгыз Ажибаев, Нурланбек Азыгалиев, Жанарбек Акаев, Жылдыз Таалайбек кызы, Акылбек Түмөнбаев.

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет: төрага — Элдар Сулайманов (№5 округ), орун басарлары — Чолпон Эсенаманова, Жылдыз Садырбаева жана Ырысбек Атажанов. Комитеттин мүчөлөрү: Бурун Аманова, Жаныбек Аматов, Улан Бакасов, Адилет Белеков, Медина Кайрылбекова, Гуля Кожокулова, Жылдыз Курманалиева жана Шайырбек Ташиев.

Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча комитет — Бакыт Тентишев (№25 округ), орун басарлары — Алишер Козуев, Үмбөталы Кыдыралиев жана Азизбек Турсунбаев. Комитеттин мүчөлөрү: Алимжанова Нилуфар, Мавлянова Махабат, Муратбеков Табылды жана Сейтказиева Эркеайым.

Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитет — Токтобүбү Ашымбаева (№20 округ), орун басарлары — Болот Сагынаев, Гүлшаркан Култаева жана Салтанат Аманова. Комитеттин мүчөлөрү: Эрулан Кокулов, Сеидбек Атамбаев, Гүлай Машрапова жана Советбек Рустамбек уулу.

Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитет — Куванычбек Конгантиев (№21 округ), орун басарлары — Таалайбек Масабиров, Бахридин Шабазов жана Бакыт Чомоев. Комитеттин мүчөлөрү: Айтиев Темирлан, Жунушбаева Рахат, Исаева Жамиля, Исеналиев Эркинбек, Калпаев Бактыяр, Рысбаев Равшанбек, Саккараев Медербек, Сулайманов Кундузбек.

Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитет — Алтынбек Кудайбердиев (№6 округ), орун басарлары — Жумабек Салымбеков, Камила Талиева жана Жаныбек Абиров. Комитеттин мүчөлөрү: Абдибаева Айсаракан, Алиев Медербек, Бекешев Дастан, Жалилов Азамжан, Жумабеков Дастанбек, Жаанбаев Уланбек, Жороев Исманали, Кубанычбеков Илимбек, Примов Улан, Сурабалдиева Эльвира, Төлөнов Данияр, Чотонов Медер жана Эргешов Бекмурза.

Сот-укук маселелери, укук тартиби, коррупция менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет — Болотбек Борбиев (№14 округ), орун басарлары — Сүйүнбек Өмүрзаков, Улукбек Узакбаев, Алтынбек Кылычбаев. Комитеттин мүчөлөрү: Болот Ибрагимов, Азамат Исираилов, Нурбек Сыдыгалиев, Бекмырза Чолпонбай уулу, Абдылдабек Эгембердиев.

Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитет — Гүлсүнкан Жунушалиева (№29 округ) шайланды, орун басарлары — Гүлкан Молдобекова, Гүлнара Баатырова жана Улукбек Карыбек уулу. Комитеттин мүчөлөрү: Гүлжан Сатиева, Айгүл Ахмедова, Эдита Тайгараева, Нуржамал Төрөбекова, Жылдыз Эгенбердиева.

2025-жыл, 19-декабрь

Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси болуп Кутман Турсункулов, анын орун басарлары болуп Мария Исанова жана Нарынбек Кубатбек уулу дайындалды.

2025-жыл, 30-декабрь

Борбордук шайлоо комиссиясы №13 округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону 2026-жылдын 1-мартына дайындады.

2026-жыл, 29-январь

Жогорку Кеңеш Сот-мыйзамдуулук боюнча кеңештин курамына өзүнүн өкүлү — Бекмурза Эргешовду шайлады.

10-февраль

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан бошотту. 

11-февраль

Конституциялык сотко президент президенттик мөөнөт жөнүндө расмий корутунду берүү талабы менен кайрылды.

12-февраль

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу ыйгарым укуктарын токтотуу ниетин билдирди. Ал муну өзүнүн жеке чечими экенин жана эч ким басым кылбаганын менен түшүндүрдү. Ал депутат катары ишин улантарын кошумчалады.

Ошол эле күнү жаңы спикер болуп Марлен Маматалиев шайланды.

13-февраль

Алмасбек Абытов президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү кызматынан бошотулду. Анын ордуна Бектур Зулпиев келди.

Кечинде БШК жыйынга чогулуп, 2025-жылдын 3-декабрындагы №13 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин жокко чыгарды. БШК Айбек Алтынбековду, Талант Мамытовду жана Айгүл Карабекованы ЖКнын депутаты катары тааныды. Ал эми 1-мартка белгиленген кайра шайлоо жокко чыгарылды.

17-февраль

Депутат Элдар Сулайманов ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу боюнча арыз жазды.

Ошол эле күнү кечинде Конституциялык сот президенттин кайрылуусу боюнча корутундусун берди.

18-февраль

Алтынбеков, Мамытов жана Карабекова ант берип, «Мекенчил» депутаттык тобуна кошулганын билдиришти.

Ошол эле күнү кечинде президент депутат Жанар Акаевди Ош шаарынын мэри кызматына дайындады.

19-февраль

ЖКда бир катар кадрдык алмашуу болду:

— «Ата Журт» жана «Мекенчил» депутаттык топторунун лидерлери — Дастан Жумабеков (Нурланбек Азыгалиевдин ордуна) жана Талант Мамытов (Кундузбек Сулаймановдун ордуна) алмашты.

— БШК Акаевдин №8 округ боюнча бош калган мандатын Таалайбек Сарыбашовго өткөрүп берди;

— Депутат Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырып, ЖКдан кетти;

Таалайбек Масабиров «Ала-Тоо» депутаттык тобун жетектеди. Буга чейин жетекчиси Жанар Акаев болгон;

— Төраганын орун басары Карим Ханжеза кызматынан кетти;

— Депутат Сурабалдиева эл аралык иштер боюнча ЖК комитетинин төрайымы болуп шайланды (буга чейин аны Элдар Сулайманов жетектеген);

— Депутат Болот Ибрагимов «Мекенчил» депутаттык тобунун курамына кирип, Карим Ханжезанын ордуна вице-спикер болуп шайланды.

23-февраль

Кундузбек Сулайманов мандатын тапшырды. 

Спикер Марлен Маматалиев парламенттин аппаратынын жетекчиси кызматына Кутман Турсункуловдун ордуна Алмасты Абытовду дайындады.

24-февраль

БШК жаңы депутаттарды — №15 округдан Жайлообай Нышановду (Тургунбек уулунун ордуна) жана №14 округдан Райымберди Дүйшөнбиевди (Кундузбек Сулаймановдун ордуна) каттады.

25-февраль

Жумабеков «Ата Журт» депутаттык тобунун аталышы «Эл үмүтү-Ата Журт» деп өзгөргөндүгүн билдирди. Анын курамына Таалайбек Сарыбашов кошулду.

Түштөн кийин 2 комитеттин төрагалары алмашты — Гүлкан Молдобекова Гүлсүнкан Жунушалиеванын ордуна эмгек комитетин жетектеди, ал эми Сүйүнбек Өмүрзаков Болотбек Борбиевдин ордуна укук тартиби боюнча комитетти жетектеди.

26-февраль

«Мекенчил» депутаттык тобунун лидери Талант Мамытов «Мекенчил» депутаттык тобунун аталышы «Ынтымак Мекенчил» деп өзгөртүлгөнүн, Советбек Рустамбек уулу төрага орун басары болуп шайланганын билдирди. 

Чыңгыз Ажибаев Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан кетти. Анын ордуна Медербек Алиев келди.

Бекмурза Эргешов Сот-мыйзамдуулук боюнча кеңештин курамынан чыкты. Улукбек Узакбаев парламенттен Сот-мыйзамдуулук боюнча кеңештин курамына кирди.

26-февраль

«Адилет Кыргызстан» тобуна Илимбек Кубанычбеков кошулду. Мурда анда мандатын тапшырган Элдар Сулайманов болгон.

10-март

Депутат Куванычбек Конгантиев мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазды. Түштөн кийин БШК анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

11-март

«Адилет Кыргызстан» депутаттык тобунун аталышы «Ишеним» деп өзгөртүлгөнүн топтун лидери Нурбек Сыдыгалиев билдирди.

12-март

Парламент комитеттеринин курамында өзгөрүүлөр болду:

Таалайбек Сарыбашов финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетине;

Советбек Рустамбек уулу — эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитетине;

Гүлсункан Жунушалиева — илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетине;

Талант Мамытов — конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетине;

Айбек Алтынбеков — өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетине;

Айгүл Карабекова — финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетине;

Жайлообай Нышанов — эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитетине;

Карим Ханджеза — эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине;

Азизбек Абдуллаев — өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жөнөтүлдү.

13-март

Депутат Курманкул Зулушев мандатын тапшыруу боюнча арыз жазып, анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтоду.

14-март

Депутат Шайырбек Ташиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтоду. Ал да өз каалоосу менен мандатын тапшырды. 

15-март

Нурланбек Азыгалиев БШКга ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө арыз жазды. Анын арызы канааттандырылды.

16-март

Гүлсүнкан Жунушалиева мандатын тапшырды. БШК анын күбөлүгүн жокко чыгарды.

18-март

БШК ЖКнын 4 жаңы депутатын каттоодон өткөрдү. Мандат алган депутаттар:

Ормонов Улугбек Зулпукарович — №10 округ (Курманкул Зулушевдин ордуна келди). Ал «Эл үмүтү — Ата Журт» депутаттык тобунун мүчөсү болду.

Калбердиева Мавлюда — №11 округ (Шайырбек Ташиевдин ордуна). Ал «Ала-Тоо» депутаттык тобуна кирди

Чойбеков Бактыбек Каныбекович — №17 округ (Нурланбек Азыгалиевдин ордуна)

Мурзакимова Алтынкүл — №29 округ (Гүлсүнкан Жунушалиеванын ордуна).

Ошол эле күнү комитеттерде өзгөрүүлөр болду — төрагалар жана төраганын орун басарлары шайланды.

 

Добуш берүү менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы болуп депутат Гүлнара Акимбаева («Ынтымак-Ишеним» депутаттык тобунан) шайланды.

Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы болуп депутат Бакыт Тентишев («Эл үмүтү-Ата Журт») шайланды.

Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин төрагасы болуп депутат Кубанычбек Самаков («Ишеним») шайланды.

Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы болуп депутат Ырысбек Атажанов («Ынтымак-Мекенчил») шайланды.

Ошондой эле комитеттердин төрага орун басарлары да шайланды.

Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп депутат Советбек Рустамбек уулу («Ынтымак-Мекенчил») шайланды.

Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрайымы болуп депутат Нуржамал Төрөбекова («Ишеним») шайланды.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрайымынын орун басары болуп депутат Гүлшаркан Култаева («Ишеним») шайланды.

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп депутат Жаныбек Аматов («Элдик») шайланды.

Учурда фракцияларга жана топторго кирбеген депутаттар: Эрулан Кокулов, Улугбек Ормонов, Эльвира Сурабалдиева жана Бактыбек Чойбеков.

27-мартка карата Конгантиевдин кетишинен улам бош калган депутаттык мандат эч кимге бериле элек. 2025-жылдын 30-ноябрындагы добуш берүүдө добуштун саны боюнча №21 округдан кийинки талапкер Чыңгыз Айдарбеков.

БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Айдарбековго бош мандатты берүүдөн мурда ал тууралуу ИИМден маалымат күтүлүп жатканын маалымдады. Эгерде талапкер мурда сот жообуна тартылса же кылмыш иши козголуп, реабилитациялык эмес негиздер боюнча токтотулса, анда БШК мандат берүүдөн баш тартышы мүмкүн. Бул учурда мандат кийинки талапкер Мирлан Жээнчороевге тапшырылышы мүмкүн. Ал эми белгиленген мөөнөттө мамлекеттик органдар маалымат бербесе, БШК талапкерди өз алдынча күнөөлүү деп таанууга укугу жок. Мындай учурда мандат Айдарбековго берилет.

Ошондой эле, БШК депутат Бекмурза Эргешовдун соттуулугу боюнча маалыматты текшерүү үчүн ИИМге суроо-талап жөнөткөндүгү белгилүү болду, анткени бул тууралуу башка талапкерден арыз түшкөн, ага соттун мөөрү басылган соттун чечиминин көчүрмөсү тиркелген.

Добуштардын саны боюнча №6 округдан кийинки талапкер — Нурбек Алимбеков.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»