03:13, 28-март, 2026

28-31-мартта Бишкекте «Сүймөнкул» этно-мюзикли көрсөтүлөт

На русском
17:12, 27-март, 2026 302

АКИpress - Бишкек шаарында маданият ишмери Сүймөнкул Чокморовдун өмүрүнө жана чыгармачылык жолуна арналган «Сүймөнкул» этно-мюзиклинин бет ачары өтөт.

Бул долбоорду «Раймалы жана Бегимай» этно-мюзиклинин жаратуучулары даярдашкан. Чыгарманын автору акын Акбар Кубанычбеков болду.

Көрсөтүү 28-29-30-31-март күндөрү Кыргыз улуттук филармониясынын чоң сахнасында болот. Башталышы — саат 18:30.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»