АКИpress - 27-мартта Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Марат Баязовдун жактоочусу Эркин Саданбеков билдирди.
Тактап айтканда, 2025-жылдын 14-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучуларга карата чечим чыккан.
Бул иш боюнча активист, саясатчы, блогер жана журналисттер айыпталып жаткан. Алар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыгышкан. Мамлекеттик айыптоочу тарап иштин 27 фигурантын Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү) жана 36-326-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү) боюнча күнөөлүү деп таап, ар бирин 20 жылга эркинен ажыратууну сураган.
Судья Марат Сыдыков төмөнкү жарандарга карата актоо өкүмүн чыгарган:
Перизаткан Суранова;
Асия Сасыкбаева;
Клара Сооронкулова;
Мамбетжунус Абылов;
Гүлнара Журабаева;
Таалайбек Мадаминов;
Улугбек Маматаев;
Чыңгыз Капаров;
Атай Бейшенбек уулу;
Рита Карасартова;
Азимбек Бекназаров;
Равшан Жээнбеков;
Али Шабдан;
Жеңишбек Молдокматов;
Айбек Бузурманкулов;
Айданбек Акматов;
Марат Баязов;
Тимур Махмудов;
Бекчоро уулу Эрлан;
Акыл Айтбаев;
Илгиз Шаменов;
Нурлан Асанбеков.
Ал эми төмөнкү адамдардын кылмыш иштери өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн:
Кеңешбек Дүйшөбаев;
Орозайым Нарматова;
Кубанычбек Кадыров;
Талантбек Эшалиев;
Бектур Асанов.
Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин бардык фигуранттар үй камагында калышат.