03:15, 28-март, 2026

Казакстан менен Россиянын чек арасындагы пункт убактылуу жабылды

На русском
17:48, 27-март, 2026 619

АКИpress - Казак Республикасы Россия менен чектешкен аймагындагы «Желкуар» өткөрмө пунктун убактылуу жапты, деп билдирди «Росгранстрой». Бул чечим Берсуат дарыясындагы суунун деңгээли жогорулаганына байланыштуу. 

Россиянын Челябинск облусундагы «Мариинский» пункту да унааларды, жарандарды убактылуу өткөрбөйт. 

Берсуат дарыясы Казакстандын Костанай облусу жана Россиянын Челябинск облусу, анын ичинде Житикарин жана Бредин райондорун аралап агат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»