АКИpress - Улуттук банктын мурдагы төрагасы Тургунбаев Мелис Жусупжанович 26-мартта үй камагына бошотулган. Бул маалыматты 27-мартта Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча шектелүүдө. Ишти Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы иликтеп жатат.