АКИpress - Рустам Кошонов Кыргызстандын Түркиянын Анталья шаарындагы башкы консулу кызматынан бошотулду.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, буга дипломатиялык миссия мөөнөтүнүн аякташы себеп болгон.
Ал бул кызматка 2022-жылдын 3-февралында дайындалган.