00:49, 28-март, 2026

Октябрь районунун акими алдамчылардын үстүнөн даттанды

На русском
15:46, 27-март, 2026 444

АКИpress - Бишкек шаарындагы Октябрь районунун жаңы акими Жолдошбек Чуштуков 27-мартта райондун жашоочулары менен жолугушту. Анда жарандарды интернеттеги алдамчылардын курмандыгы болуп калбоо үчүн этият болууга чакырды.

Анын айтымында, банк карталардын кодун телефон аркылуу сурагандар көбөйүп жатат.

«Мага да көп жолу телефон чалышкан. Бейтааныш адамдар вице-мэрдин же мэрдин атынан шашылыш түрдө "WhatsApp" аркылуу акча которууну талап кылган учурлар болгон. Вице-мэр жазып жаткан сыяктуу анын сүрөтүн колдонуп, аты-жөнүн жазып алышкан. Бул жөн гана алдамчылык болуп чыкты», - деди Чуштуков.

Аким жарандарды күмөн болгон учурда милицияга кайрылууга чакырды. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»