21:08, 27-март, 2026

Казакстандын түштүгүндөгү ысык +30 градуска чейин жетет

На русском
15:05, 27-март, 2026 262

АКИpress - Казакстандын көпчүлүк аймактарында 28-30-март күндөрү абанын температурасы жогорулайт, деп билдирди «Казгидромет».

Күндүз өлкөнүн батышында абанын температурасы +18...+27 градус, түндүгүндө +10...+17 градус, өлкө борборунда +15...+25 градуска жетсе, чыгышта +12...+20 градус, түштүгүндө +23...+30 градус болушу мүмкүн. Түштүк-батышта +13...+20 градус болот деп болжолдонууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»