22:38, 27-март, 2026

АКШ Иранга каршы операцияда Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн аймактарын колдонгон, - басылма

На русском
15:00, 27-март, 2026 425

АКИpress - Жакынкы Чыгыштын беш өлкөсү АКШнын Иранга сокку уруусуна алардын аймактарын колдонууга уруксат бергенин Ирандын Fars жана Tasnim агенттиктери чалгындоо булактарына шилтеме кылып билдиришти. Алардын айтымында, бул өлкөлөрдүн арасында Бахрейн, Катар, Кувейт, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) жана Сауд Арабиясы бар.

Маалым болгондой, америкалык аскер кызматкерлери Иранга каршы ракеталык, авиациялык жана деңиз операцияларында бул мамлекеттердин базаларын, аймактык сууларын жана аба мейкиндигин пайдаланышкан.

24-март күнү кечинде АКШнын президенти Дональд Трамп журналисттин суроосуна жооп берип жатып, Сауд Арабия Иранга каршы чабуулдарды улантууга чакырып жатканы тууралуу билдирүүлөрдү тастыктады.

Иран чалгындоосунун маалыматы боюнча, көптөгөн аба, деңиз жана ракеталык чабуулдарда АКШ бул 5 өлкөнүн сууларын, аймагын жана аба мейкиндигин, анын ичинде аскердик объекттерден тышкары жайгашкан базаларды да колдонгон.

Буга жооп кылып, Иран согуштун алгачкы күндөрүнөн баштап бул өлкөлөрдүн аймагындагы аскердик объекттерге массалык чабуулдарды жасаган. Сокку алгандардын арасында БАЭдеги Аль-Дафра базасы, Катардагы Эль-Удейд базасы, Бахрейндеги АКШнын бешинчи флотунун штаб-квартирасы, ошондой эле Кувейттеги жана Сауд Арабиядагы аскердик объекттер болгон. Батыш ЖМКларынын маалыматы боюнча, аткылоолордон улам аймактагы кеминде 13 америкалык база жабыркаган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»