АКИpress - Бишкекте «Айчүрөк» соода борборунун (ЦУМ) жанындагы темир конструкцияны буздуруу иштери жыйынтыкталды.
Учурда ал жерде курулуш таштандылары тазаланып, салынган конструкциянын пайдубалы гана калды. Жумушчулар ишин улантууда – атайын техниканын жардамы менен алар пайдубалды кесип жатышат.
Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев 19-февралда объект бекитилген эскиздик долбоорго дал келбей турганын айтып, аны демонтаждоону тапшырган. 23-февралда тиешелүү кызматтар ишке киришкен.
Кийинчерээк, 16-мартта оргума калыбына келтирилип, жашыл аймак уюштурулары кошумчаланган.
Бирок 15-мартта анын жанындагы «куту» делген дагы бир объект буздурулары маалымдалганына карабастан, ал дагы деле ордунда турат.
⛶