АКИpress - 2028-жылдан тарта Олимп оюндарына жана Эл аралык Олимпиада комитети уюштурган аялдар арасындагы мелдештерге жынысын генетикалык тест аркылуу тастыктаган спортчулар гана катыша алат.
«Биз жарыялаган саясат илимге негизделген жана медициналык адистердин жетекчилиги астында ишке ашырылат. Олимп оюндарында эң кичинекей айырма да жеңишке же жеңилүүгө алып келиши мүмкүн. Демек биологиялык жактан эркек спортчулар аялдар аялдар менен мелдешке чыкканы адилетсиз болору айдан ачык», - деди комитеттин жетекчиси Кирсти Ковентри.
Мындан ары Олимп оюндарына аялдар категориясында катышууну каалаган бардык спортчулар «SRY» (Sex-determining Region Y) генине бир жолку тесттен өтүшү керек.