АКИpress - Эмилбек Балтагулов Т. Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Буйрукка ылайык, ал 2026-жылдын 25-мартынан тартып үч айлык сыноо мөөнөтү менен эмгек келишиминин негизинде кызматка киришти.
Өмүр баяны жана эмгек жолу:
1981-жылдын 28-сентябрында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында туулган.
2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин Искусство факультетинин музыка бөлүмүн аяктаган.
ОшМУда окутуучу, Чаткал райондук маданият үйүндө көркөм жетекчи, Жалал-Абад облустук филармониясында артист жана директордун орун басары болуп эмгектенген. Ошондой эле Жалал-Абад маданият техникумунун жана Барпы атындагы облустук кыргыз драма театрынын директору кызматтарын аркалаган.
Эмилбек Балтагулов 2022-жылдын ноябрь айында дагы Жалал-Абад облустук Т.Тыныбеков атындагы филармонияга директор болуп дайындалган болчу. 2024-жылы майда кызматтан кеткен.