15:43, 27-март, 2026

Кыргызстанда цементти маркерлөө сунушталууда. Салык кызматы себебин түшүндүрдү

На русском
13:19, 27-март, 2026 324

АКИpress - Кыргызстанда цементти маркерлөө демилгеси каралууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын бажы алымдарын көзөмөлдөө жана маркалоо башкармалыгынын башчысы Бакыт Акматов радиодогу маегинде билдирди.

«Биздин өнөктөштөн цементти маркерлөө боюнча сунуш түштү. Бул технология күйүүчү майды маркерлөөгө окшош, продуктка молекулярдык маркерди кошууну камтыйт», - деди ал.

Акматов маркерди кошуу продукциянын сапатына таасир этпей турганын билдирди.

«Бул өтө аз өлчөмдөгү, болжол менен миллионго бир катыштагы лабораториялык реагент болот. Ал цементтин сапаттык мүнөздөмөлөрүнө эч кандай таасир этпейт», - деди ал жана муну эл аралык лабораториялык изилдөөлөр тастыктаганын кошумчалады.

Анын айтымында, маркердин бар экендигин ар кандай этапта, цементтин өзүндө да, бетон буюмдарында да текшерүүгө болот. Бул легалдуу продукция колдонулганбы же жокпу аныктоого мүмкүндүк берет.

Салык кызматынын өкүлү билдиргендей, бул сунуш курулуш секторунун өсүшү жана курулуштун көлөмү менен цемент өндүрүшү боюнча расмий маалыматтардын ортосундагы дал келбестик менен байланыштуу.

«Акыркы беш жылда курулуштун көлөмү кыйла өстү. 2024-жылы темп 30%га жакын, 2023-жылы — 20%дан ашык, ал эми 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 21,1% түздү. Ошол эле учурда цемент өндүрүүнүн өсүшү жылына болгону 3–5% түзөт», - деди Акматов.

Ошондой эле ал жылдык кубаттуулугу 8,4 млн тонна деп жарыяланган беш цемент заводу иштеп турганына карабастан, иш жүзүндөгү өндүрүш 3 млн тоннага жакын экендигин айтты.

«Суроо туулат... Эмне үчүн мындай кубаттуулуктар менен рынок мезгил-мезгили менен цементтин жетишсиздигине кабылып жатат? Бул бардык көлөмдүн расмий түрдө чагылдырылбагандыгын божомолдоого негиз берет», - деди ал.

Салык кызматы маркерлөөнү киргизүү курулуш рыногун көмүскөдөн чыгарууга мүмкүндүк берет деп эсептешет.

Акматовдун айтымында, маркерлөө кызматы акылуу болот, бирок анын баасын монополияга каршы орган жөнгө салат.

«Ал эми оператору мамлекеттик ишкана болуп, бардык пайда бюджетке келип түшөт», - деди Акматов.

Ал  Кемин районунда жана Жалал-Абад облусунда  дагы эки цемент заводу курулуп жатканын кошумчалады.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»