05:31, 28-март, 2026

Бишкекте 75 жаштагы Виктор Крикунов изделип жатат

13:17, 27-март, 2026 451

АКИpress - Бишкек шаарында дайынсыз жоголгон 75 жаштагы Крикунов Виктор Иванович изделип жатат. Үй-бүлөсүнүн маалыматы боюнча, ал үйүнөн 26-мартта саат 12:00 чамасында чыгып кеткен бойдон кайткан эмес.

В.Крикуновдун бою 180 см чамалуу, арык чырай, төшүндө жүрөгүнө жасалган операциядан кийинки так бар. Ал акыркы күнү кара түстөгү спорттук күрмө, шым кийип жүргөн. Баш кийими жок болчу. Бутунда жайкы жеңил бут кийим болушу мүмкүн. 

Сүрөттөгү Виктор Крикуновдун жакындары ал тууралуу маалыматы бар жарандардан кабар берүүнү суранат. Байланыш номуру — 0555588646 жана Telegram, WhatsAрр номур — +79160428434.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»