22:38, 27-март, 2026

Бишкекте эл аралык футбол мелдешинин беттештери өтөт

На русском
12:53, 27-март, 2026 265

АКИpress - Бишкек эл аралык футбол турниринин беттештерин кабыл алат.

Кыргыз футбол биримдигинин маалыматына ылайык, Азия футбол конфедерациясынын Чакырык лигасынын чейрек финалдык жана жарым финалдык оюндары Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

19-апрелде 1/4 финалдын эки беттеши болот — «Мурас Юнайтед» Ливандын «Аль-Ансары» менен кездешет, ал эми Омандын «Аль-Шахабы» Кувейттин «Кувейт SC» командасы менен ойнойт.

Бул оюндардын жеңүүчүлөрү 22-апрелде турнирдин бир финалистин аныктоо үчүн бири-бири менен ойношот.

Бул беттештер март айында өтүшү керек болчу, бирок Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу оюндар жылдырылган.

Финалда «Батыш» жана «Чыгыш» зоналарынын жеңүүчүлөрү ойнойт. Быйыл финал «Батыш» зонасынын стадионунда өтөт.

Бишкектеги беттештердин жүгүртмөсү:

1/4 финал, 19-апрель

15:00 «Аль-Шабаб» (Оман) - «Кувейт SC» (Кувейт)

20:00 «Мурас Юнайтед» - «Аль-Ансар» (Ливан)

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»