00:03, 28-март, 2026

Иран 1 миллион жаранын аскерге чакырууга даяр экенин билдирди

На русском
11:55, 27-март, 2026 369

АКИpress - АКШ кургакта операция баштаса Иран миллиондон ашуун жаранын  мобилизациялайт. Бул тууралуу «Mehr» маалымат каражаты жазды.

Ислам революциясынын сакчылар корпусуна жана «Басиж» бөлүктөрүнө кошулуп, согуштук аракеттерге катышуу өтүнүчү менен жаштардан массалык кайрылуулар түшүп жатканы айтылды.

Туруктуу армияны жана Ислам революциясынын сакчылар корпусун кошкондо Ирандын куралдуу күчтөрүнүн жалпы саны болжол менен 610 000-860 000ге бааланат. Ислам революциясынын сакчылар корпусу – бул 150 000-190 000 адамды камтыган элиталык бөлүк, анын ичине кургак, аба жана деңиз күчтөрү кирет.

Корпустун курамындагы «Басиждин» 90 миңден ашуун активдүү мүчөсү бар. Теориялык жактан 10 миллионго чейин адамды мобилизациялоо мүмкүнчүлүгү бар.

«The Wall Street Journal» гезити 26-мартта 3 булакка шилтеме берип, АКШ Иранда кургактагы операциясын башташы мүмкүн экенин билдирген. 

3 күн мурун Израилдин өкмөтү Иранга жана «Хезболлага» каршы аскердик аракеттерге байланыштуу 400 миңге чейин резервистти чакыруу планын жактырды, деп жазат «The Times of Israel» гезити.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»