АКИpress - 26-мартта саат 21:27де Кыргызстан менен Кытайдын чек арасына жакын жерде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында, Какшал-Тоо кыркаларында болгон. Бул чекит Каракол шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 125 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү сезилген жок.