16:14, 27-март, 2026

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасына жакын жерде 4 баллдык жер титирөө катталды

На русском
11:45, 27-март, 2026 237

АКИpress - 26-мартта саат 21:27де Кыргызстан менен Кытайдын чек арасына жакын жерде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында, Какшал-Тоо кыркаларында болгон. Бул чекит Каракол шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 125 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү сезилген жок.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»