АКИpress - Өзбекстандын Ташкент шаарында бүгүн, 27-мартта PWL күрөш лигасынын кезектеги турнири өтөт.
Анын алкагында 24 беттеш пландалып, ага Кыргызстандан алты спортчу катышат.
Турнирдин башкы программасында Олимп оюндарынын эки жолку байге ээси жана дүйнөнүн эки жолку чемпиону Акжол Махмудов килемге чыгат. Анын атаандашы Япониянын учурдагы Олимпиада чемпиону Нао Кусака болот. Беттеш 82 кг салмак категориясында өтөт.
Ошондой эле бул мелдешке Кадыр Кеңешов (ардагер), Абдымалик Карачов, Нурсадык Нурдинов, Өмүрбек Асан уулу жана Сезим Жуманазарова да катышат.
Рейтингдик таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат. Негизги программа саат 21:00дө старт алат.
Бул постту Instagramдан көрүңүз