15:13, 27-март, 2026

Израил Ирандын Ормуз кысыгын жабууга жооптуу адамын өлтүргөнүн жарыялады

На русском
11:36, 27-март, 2026 351

АКИpress - Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскер-деңиз күчтөрүнүн командири Алиреза Тангриси Израилдин соккусунан улам каза болду, деп билдирди Израилдин коргоо министри Исраэл Кац.

Исраэл Кац командирди Ормуз кысыгын жабууга жооптуу адам деп атады.

Израил аскерлеринин айтымында, Ирандын порттук Бендер-Аббас шаарында Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку даражалуу командирлеринин жыйыны учурунда сокку урулган.

«Израилдин армиясы силерди издеп, арты-артынан жок кылат», - деди Кац Ислам революциясынын сакчылар корпусуна кайрылып.

28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы согуш баштагандан кийин Тегеран Ормуз кысыгын жаап, өтүүгө аракеттенген кемелерге кол сала баштаган. Жаңжал башталгандан бери кеминде 22 кемеге кол салынган.

Перс булуңунда болжол менен 3200 кеме Ормуз кысыгынан өтүүгө батынбай, калып калган. АКШ президенти Иранга Ормуз кысыгын ачууну талап кылган. 25-мартта Тегеран кысыкты душман болбогон кемелер үчүн ачканын билдирген.

Ормуз кысыгы Перс булуңун океан менен байланыштырат. Бул Жакынкы Чыгыштан чийки затты жеткирүү үчүн эң маанилүү жол: дүйнөлүк чийки мунайдын дээрлик 35% жана суюлтулган жаратылыш газынын дээрлик 20% ушул кысык аркылуу ташылат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»