АКИpress - 1-марттан баштап ысык сууга жаңы тарифтер күчүнө кирди. Тарифтер Энергетика министрлигине караштуу отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаменти тарабынан бекитилген.
Жылуулук тарифтери өзгөргөн жок.
Ысык сууга жаңы тарифтер калк үчүн орточо эсеп менен 12,6%га, ал эми өнөр жай жана бюджеттик керектөөчүлөр үчүн 5,1%га жогорулады.
| Керектөөчүлөрдүн тобу | Эски тариф | Жаңы тариф | Өзгөрүү |
|---|---|---|---|
| Калк | 126,01 | 141,89 | +15,88 сом (+12,6%) |
| Калк | 604,85 | 681,08 | +76,23 сом (+12,6%) |
| Өнөр жай | 312,23 | 328,11 | +15,88 сом (+5,1%) |