13:04, 27-март, 2026

Өлкөдө ысык суунун баасы жогорулады

На русском
11:30, 27-март, 2026 224

АКИpress - 1-марттан баштап ысык сууга жаңы тарифтер күчүнө кирди. Тарифтер Энергетика министрлигине караштуу отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаменти тарабынан бекитилген.

Жылуулук тарифтери өзгөргөн жок.

Ысык сууга жаңы тарифтер калк үчүн орточо эсеп менен 12,6%га, ал эми өнөр жай жана бюджеттик керектөөчүлөр үчүн 5,1%га жогорулады.

Керектөөчүлөрдүн тобу Эски тариф Жаңы тариф Өзгөрүү
Калк 126,01 141,89 +15,88 сом (+12,6%)
Калк 604,85 681,08 +76,23 сом (+12,6%)
Өнөр жай 312,23 328,11 +15,88 сом (+5,1%)

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»