13:04, 27-март, 2026

Бишкектеги Уркуя Салиева оргумасын 12,3 млн сомго оңдоо үчүн тендер жарыяланды

На русском
11:16, 27-март, 2026 108

АКИpress - Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы Уркуя Салиева оргумасын оңдоп-түзөө иштерин аягына чыгаруу үчүн тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалымат боюнча, пландалган сумма — 12 миллион 256 миң 100 сом.

Катышуучулардын арызын кабыл алуу 2026-жылдын 9-апрелинде саат 11:00дө аяктайт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»