16:06, 27-март, 2026

Трамп Ирандын энергетикалык объектилерине сокку урууну 10 күнгө жылдырганын билдирди

На русском
10:52, 27-март, 2026 234

АКИpress - АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеран менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн ирандык энергетикалык объектилерге сокку урууну дагы 10 күнгө жылдыруу чечимин кабыл алганын билдирди.

«Иран өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча электр станцияларын талкалоону 10 күнгө, 6-апрелге чейин токтотом. Сүйлөшүүлөр уланууда жана абдан жакшы өтүп жатат», - деп жазды ал өзүнүн Truth Social баракчасына.

Трамптын билдирүүсүнөн көп өтпөй дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы төмөндөй баштады. 

Өткөн дем алыш күндөрү Трамп эгер Тегеран 48 сааттын ичинде Ормуз кысыгын ачпаса, ирандык электр станцияларын талкалай турганын айтып коркуткан. «Би-би-синин» маалыматына караганда, ирандыктар жооп иретинде кысыкты толугу менен жабууга даяр экендигин билдирген.

Дүйшөмбү күнү Трамп АКШ менен Иран согушту токтотуу боюнча жемиштүү сүйлөшүү жүргүзүп жатканын жана Ирандын энергетикалык объектилерине сокку урууну беш күнгө токтотууга буйрук бергенин айткан.

Шаршемби күнү АКШ Иранга 15 шарт койгону, бирок Тегеран аларды четке кагып, ордуна беш пункттан турган өз планын сунуштаганы белгилүү болду.

Азырынча АКШ Ирандын кайсы өкүлдөрү менен диалог жүргүзүп жатканы белгисиз. Трамп ирандык расмий өкүлдөр өлтүрүлүүдөн коркуп, сүйлөшүүлөрдүн жүрүп жатканын четке кагып жатканын билдирген.

«Алар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат жана келишим түзгүсү келет. Бирок алар бул тууралуу айтуудан коркушат, анткени өз мекендештери тарабынан өлтүрүлөм деп ойлошот. Алар биз да өлтүрүп коерубуздан коркушат», - деди Трамп журналисттерге.

Бейшемби күнү АКШ өкмөтүнүн жыйыны учурунда Трамп Иран бийлиги ага кандай белек бергенин да айтып берди. Буга чейин Ак үйдүн башчысы ирандыктар ага баалуу бир нерсе белекке беришкенин, бирок эмне экенин тактаган эмес. Трамп Тегеран белек катары мунайы бар сегиз танкерди Ормуз кысыгынан өткөрүүгө убада кылганын жана танкерлер кысыктан өткөнүн билдирди.

«Алар бир нерсе үчүн кечирим сурашты жана дагы эки кемени өткөрөбүз дешти. Натыйжада он кеме болду», - деди Трамп.

Иран АКШ менен диалог жүргүзүп жатканын четке кагууда. Буга чейин Иран парламентинин улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комитетинин мүчөсү Якуб Резазаде Вашингтон мунайдын баасын көзөмөлдөө үчүн ийгиликтүү сүйлөшүүлөр жөнүндө билдирүүлөрдү жасап жатат деп болжолдогон.

Ал ортодо Израил Иранга кол салуусун улантууда. Акыркы суткада Израилдин аба күчтөрү Ирандын батыш бөлүгүндө болжол менен 20 сокку урганы айтылды. Израилдин Коргоо министрлигинин X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө, аба күчтөрү баллистикалык ракеталарды сактоо жана учуруу үчүн колдонулган объектилерге, ошондой эле абадан коргонуу системаларына сокку урганы жана бул объектилерде турган аскер кызматкерлери жок кылынганы айтылат. Шаршемби күнү Израил Ормуз кысыгынын блокадасын көзөмөлдөгөн Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскер-деңиз күчтөрүнүн командири Алиреза Тангсирини жок кылганын да билдирди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»