04:06, 28-март, 2026

Чолпон-Атадагы айланма жол Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен ШКУнун саммитине чейин курулат

На русском
10:31, 27-март, 2026 631

АКИpress - Чолпон-Ата шаарында айланма жол курула баштады. Аны Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Шанхай Кызматташтык уюмунун саммитине чейин бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу 27-мартта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Төрт тилкелүү жолдун узундугу 15,64 чакырымды түзүп, паралелдүү долбоорлоо менен курулат. Жол курулуш иштери мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланууда.

Учурда ашыкча топуракты казып алуу жана ташып чыгаруу, демонтаждоо, темир-бетон буюмдарын даярдоо жана жер жумуштары жүрүп жатат. Ошондой эле, асфальт-бетон завод орнотуу пландалууда.

Аталган жолду белгиленген мөөнөттө бүткөрүү үчүн «Чайна Роуд энд Бридж Корпорэйшн» подрядчы компаниясы менен келишим түзүлдү.

ШКУнун саммитин август айында өткөрүү пландалууда, так күндөрү белгисиз. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи 31-августта болот.

Айланма жолдун картасы

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»