02:30, 28-март, 2026

Бишкекте мушташкан кыздар кармалып, ата-энелери жоопко тартылды

На русском
10:06, 27-март, 2026 829

АКИpress - Бишкекте мушташка катышкан шектүү кыздар кармалды, деп билдирди Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы.

Милициянын маалыматы боюнча, жаңжалдын бардык катышуучулары аныкталды. Алар — 19-17 жана 16 жаштагы кыздар. 

19 жаштагы кызга карата Кыргыз Республикасынын Административдик кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча протокол толтурулуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Эки өспүрүм кыздын ата-энелери 102-берене («Ата-энелик милдеттерден баш тартуу») боюнча жоопко тартылды.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»