21:06, 27-март, 2026

Кыргызстанда өлүктү өрттөө жөнүндөгү ченемди 2040-жылга чейин токтото туруу сунушталууда

На русском
09:45, 27-март, 2026 313

АКИpress - Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик сөөктү коюу жөнүндөгү мыйзамдын кремациялоого уруксат берген ченемдеринин иштешин токтото туруу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Учурдагы мыйзамда крематорийлерди куруу мүмкүнчүлүгү каралган, бирок өлкөдө тиешелүү инфраструктура жок. Курулушту жана эксплуатациялоону каржылоо булактары аныкталган эмес, ошондой эле кремациялоо практикасынын экологиялык, санитардык жана социалдык-маданий аспектилери иштелип чыккан эмес.

Мыйзам долбоорунда Сөөктү коюу иштери жөнүндө мыйзамдын 24-беренесинин иштешин 2040-жылдын 1-январына чейин токтото туруу сунушталууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»