11:22, 27-март, 2026

Шопоковдо 9 жаштагы Нурислам Шайдуллаев дайынсыз болуп жатат

На русском
09:45, 27-март, 2026 302

АКИpress - Сокулук районунун Шопоков шаарында дайынсыз жоголгон Нурислам Шайдуллаев изделүүдө. Бул тууралуу 27-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 2017-жылы туулган бала 26-мартта саат 16:00 чамасында Достук көчөсүндө жайгашкан үйүнөн велосипед тээп келүү үчүн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Факт катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат.

Жоголгон баланын белгилери: бою 120 см, арыкчырай, чачы күрөң, көздөрү кара. Өзгөчө белгилери жок. Ал ак футболка жана көк шым кийип жүргөн.

Укук коргоо органдары баланын кайда жүргөндүгү тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды Сокулук РИИБине 0312-607-567 телефону аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»