11:12, 27-март, 2026

Азербайжандын жараны өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, алдап жүргөн

На русском
09:38, 27-март, 2026 523

АКИpress - Ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Азербайжан Республикасынын жараны А.С. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК билдиргендей, КР жараны «Сахаб» аттуу адамдын үстүнөн арызданган. «Сахаб» өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, ишенимге кирип, арыздануучунун №21 тергөө абагында камакта жаткан уулун актап берүүнү убада кылып, 24 миң 100 доллар жана 100 миң сом алганы аныкталды.

«Мындан тышкары дагы бир арыздын алкагында «Сахаб» 2025-жылдын сентябрь айынын башында Бишкек шаарындагы Эркиндик бульвары менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде, «Bishkek Petroleum» май куюучу жайынын жанында өзүн улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери катары тааныштырып, ишенимге кирүү жана алдоо жолу менен тигүү цехине Вьетнамдан кызматкерлерди алып келүү шылтоосу менен 14000 доллар алгандыгы аныкталды.

«Сахаб» убадаларын аткарбастан, ар кандай шылтоолор менен акчаны да кайтарып берген эмес.

А.С.дан жабыркагандар УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын нөөмөт кызматына 0312 88 83 52 телефону аркылуу кайрылса болот», - деп айтылат расмий маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»