АКИpress - Россиянын өкмөтү бензинди экспорттоого толугу менен тыюу салуу маселесин карап жатканын «Интерфакс» булактарына таянып билдирди. Бул маселе Жакынкы Чыгыштагы окуяга байланыштуу күйүүчү майга болгон биржалык баа жогорулаганда талкууга алына баштады.
Булактардын айтымында, чектөө бир кварталга чейин узарышы мүмкүн. Мындай эреже Россияда былтыр август айында киргизилип, быйыл 31-январда чектөө токтогон. Учурда бензинди жана дизел отунун өндүрүүчүлөр гана экспорттой алышат.