00:50, 28-март, 2026

Бишкекте тыюу салынган «Йакын Инкар» диний уюмунун тарапкерлери аныкталды

На русском
09:17, 27-март, 2026 256

АКИpress - «Экстремист» алдын алуу иш-чарасынын алкагында тыюу салынган «Йакын Инкар» диний уюмунун тарапташтары аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, рейд учурунда Кыргызстандын аймагында тыюу салынган бул уюмдун лидери катары белгилүү болгон «Нурулло» каймана аты бар 1970-жылы туулган Н.К. аттуу жаран кармалган.

Ошондой эле аталган экстремисттик кыймылдын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдар да аныкталган.

ШИИБ билдиргендей, бул жарандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында алар радикалдык көз караштарынан баш тартууга, мыйзамсыз аракеттерге жол бербөөгө жана келечекте диний кастыкты козуткан идеяларды жайылтпоого убада беришти.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»