13:03, 27-март, 2026

Марлен Маматалиев Москвада Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту

На русском
09:02, 27-март, 2026 233

АКИpress - 26-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Россия Федерациясындагы расмий иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык маселелер талкууланып, парламенттер аралык кызматташууну өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу да сөз болду. 

Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеш менен Федералдык Жыйын эки тараптуу комиссиянын, тармактык комитеттердин жана эл аралык уюмдардын алкагында активдүү кызматташып келе жатканын билдирди. 

Ошондой эле жолугушууда эки өлкө башчыларынын ынак мамилеси алакаларды арттырууга өзгөчө өбөлгө түзүп жатканы белгиленди. 

«Бизде мүмкүнчүлүктөр өтө көп. Энергетика, инвестиция, транспорт, өнөр-жай жана айыл чарба өңдүү приоритеттүү тармактардагы кызматташтыкты тереңдетип, маданий-гуманитардык байланыштарды да чыңдашыбыз керек», - деди Марлен Маматалиев.

Мындан тышкары төрага төмөндөгүдөй бир катар актуалдуу маселелерди көтөрдү: 

- Коопсуз, мыйзамдуу жана тартипке салынган миграцияны камсыз кылуу;

- «Амина» санариптик каттоосун кеңейтүү;

- Эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрү үчүн медициналык камсыздандыруу шарттарын жакшыртуу;

- Мектепке кабыл алуудагы тестирлөөдөн кыргызстандык окуучуларды бошотуу;

- Өлкөдө жүрүү мөөнөтүн узартууну жөнөкөйлөтүү;

- ЕАЭБ алкагындагы жеңилдиктерди сактоо, айрыкча жүк ташуучуларга тоскоолдуктарды жоюу. 

«Миграция тармагындагы кызматташуунун негизги багыттарын кеңири түшүндүрүп бергим келет. Биринчиден, биз коопсуз, жөнгө салынган жана мыйзамдуу эмгек миграциясына, ошондой эле жарандардын укуктарын коргоого кызыкдарбыз. Экинчиден, Москва шаарында жана Москва облусунда «Амина» тиркемеси аркылуу санариптик каттоону киргизүү оң натыйжасын берди, ошондуктан аны башка региондорго этап-этабы менен жайылтып, балдарды да каттоого алууну сунуштайбыз. Үчүнчүдөн, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына жетүүсү дагы эле актуалдуу бойдон калууда, ошондуктан ЕАЭБдин талаптарын эске алуу менен өз ара алгылыктуу чечим табуу маанилүү. Төртүнчүдөн, орус тилинин статусун жана учурдагы практиканы эске алып, кыргызстандыктардын балдарын Россиянын мектептерине кабыл алууда тилдик тестирлөөдөн бошотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарыл. Бешинчиден, өлкөдө жүрүү мөөнөтүн узартууда кыйынчылыктар сакталып жатат, андыктан процедураларды жөнөкөйлөтүү жана Россиядан чыгып кетпестен көзөмөлдөнгөн адамдардын реестринен чыгаруу механизмин иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүнү өтүнөбүз. Ал эми алтынчыдан, өлкөдө жүрүү мөөнөттөрүн кыскартуу жана талаптарды катуулатуу сыяктуу жаңы миграциялык демилгелер боюнча тынчсыздануубузду билдиребиз. Айрыкча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн колдонулуп жаткан жеңилдиктерди сактоо, ошондой эле эл аралык жүк ташуучулар үчүн өлкөдө жүрүү мөөнөттөрүн узартууну колдоо маанилүү деп эсептейбиз», - деп түшүндүрдү Марлен Маматалиев.

Өз кезегинде Вячеслав Володин да кызматташуунун ар кандай форматтарын колдонуу аркылуу эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнү мындан ары да жигердүү улантуу керектигине токтолду.

«Көп жагынан эки мамлекеттин алакасындагы динамиканы өлкө башчылары аныктайт. Бирок биз дагы өз тарабыбыздан жетишилген макулдашууларды мыйзамдык жактан колдоо жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошумча түрткү берүү үчүн бардык аракеттерди көрүшүбүз керек.

Мындан сырткары «Олуттуу маселелер жаралган учурда да биз биргелешкен чечимдерди таба алдык. Ар дайым ачык диалог аркылуу мамилелерди чыңдоого умтулдук. Натыйжада өз ара ишенимге негизделген кызматташтыктын алкагында жакшы жыйынтыктарга жетишип жатабыз. Алсак, өткөн жылы эле эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 25%га өстү. Россия бул багытта Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат», - деди Вячеслав Володин

Расмий жолугушуу аяктагандан кийин Вячеслав Володин дароо тиешелүү тармактык түзүмдөрдүн өкүлдөрүнө жана ведомстволордун жетекчилерине көтөрүлгөн маселелер боюнча жыйынтыктоочу чечимдерди иштеп чыгууну тапшырды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»