АКИpress - Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-23) Түркиядагы окуу-машыгуунун алкагында алгачкы беттешин өткөрдү.
26-мартта Кыргызстандын курама командасы башкы машыктыруучунун милдетин аткаруучу Урмат Абдукаимовдун жетекчилиги астында Сербиянын (U-21) курама командасы менен беттешти.
Сербиялыктар 13-мүнөттө айып соккусун ишке ашырып, эсепти ачышты, бирок кыргызстандыктар биринчи таймдын аягында жооп кайтарышты.
Экинчи таймда Сербия курамасы дагы бир айып соккусун пайдаланып, 2:1 эсеби менен алдыга чыкты. Кыргызстандыктар буга жооп иретинде айып соккудан гол киргизип, эсепти теңеди.
Оюндун соңку эсеби 2:2 болду.