16:20, 27-март, 2026

«Asia Consult Visa» жарандарды Данияга жана Германияга мыйзамсыз ишке орноштуруп келген, - ИИМ

На русском
08:49, 27-март, 2026 258

АКИpress - Ички иштер министрлиги менен Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун кызматкерлери жарандардан келип түшкөн кайрылуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын жарандарын Дания жана Германияда мыйзамсыз ишке орноштуруу фактысын текшеришти.

ИИМ билдиргендей, “Asia Consult Visa” компаниясы визалык колдоо көрсөтүү деген шылтоо менен тиешелүү уруксаты жок жарандарды чет өлкөдө ишке орноштурууну жүзөгө ашырып келгени аныкталды.

«Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 95-беренесине (Жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүк) ылайык административдик протокол түзүлдү.

Аталган компаниянын ишмердүүлүгүнөн жабыркаган жарандар Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына кайрылуу керек», - деп айтылат расмий маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»