19:01, 26-март, 2026

Кыргызстанда мамлекеттик алымдарды онлайн төлөөгө уруксат берилди

На русском
13:21, 26-март, 2026 483

АКИpress - Президент Садыр Жапаров «Салыктык эмес кирешелер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 26-февралында кабыл алынган.

Президенттик администрациядан билдиришкендей, бул мыйзамдын максаты – жарандарга мамлекеттик алымдарды төлөөдө шарттарды түзүү.

«Мыйзам мамлекеттик алымды банкоматтар, төлөм терминалдары, интернет-банкинг, электрондук капчык, мобилдик банкинг, мобилдик тиркемелер жана башка аралыктан/дистанциялык тейлөө ыкмалары аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн карайт.

Бул чаралар жарандардын сотко, мамлекеттик жана башка органдарга кайрылуу укугун натыйжалуу ишке ашырууга көмөктөшөт, ошону менен накталай же банк аркылуу которуу менен төлөөгө болгон чектөөлөр алып салынат», - деп айтылат билдирүүдө.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»