АКИpress - Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Виктория Үмөтбаева ардактуу эс алууга узатылды.
Үмөтбаева ички иштер органдарында 33 жылдан ашык эмгектенип, катардагы кызматкерден жетекчилик орунга чейинки жолду басып өткөн. 20 жылдан ашык убакыт ИИМдин маалыматтык-аналитикалык бөлүмдөрүндө эмгектенип, 2016-жылдан баштап ИИМдин МТББ башчысынын орун басары кызматын аркалап келген.