16:04, 26-март, 2026

Бишкекте Маданият жана искусство университетинин кошумча корпусу курулуп жатат

На русском
11:03, 26-март, 2026 157

АКИpress - Бишкекте Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин 5 кабаттуу кошумча окуу корпусунун курулушу жүрүп жатат.

Курулуш министрлигинин маалыматы боюнча, жаңы объект университеттин Жантөшев көчөсү 113 дарегинде жайгашкан негизги имаратынын жанына курулууда. Учурда темир-бетон каркасын монтаждоо иштери үчүнчү кабатка чейин аткарылды. Жер төлөдө кыш коюу иштери аяктап, ал эми биринчи кабаттын дубалдары 40 пайызга бүткөрүлдү.

Долбоорго ылайык, окуу корпусу эки блоктон — төрт кабаттуу «А» блогунан жана беш кабаттуу «Б» блогунан турат.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев курулуштун жүрүшү менен таанышып, иштин сапатына жана мөөнөтүндө бүткөрүлүшүнө көңүл бурууну тапшырды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»