12:18, 26-март, 2026

Бишкекте жолдогу кайырчы жана ыктыярчыларга карата рейд жүрүүдө

На русском
10:13, 26-март, 2026 153

АКИpress - Бишкекте «Жөө жүргүнчү» аттуу профилактикалык иш-чара өтүп жатат. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Рейддин максаты — жолду белгиленбеген жерден өткөн жөө жүргүнчүлөрдү, өзгөчө унаа жолунда акча чогултуп жүргөн ыктыярчыларды жана кайырчыларды аныктоо.

«Мындай аракеттер жол кыймылынын коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирип, айдоочуларга да, жөө жүргүнчүлөргө да тоскоолдук жаратат», - деп түшүндүрүштү милициядан.

Жыйынтыгында 30 адамга карата  протокол түзүлдү.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»