АКИpress - Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттик делегацияны жетектеп, Россия Федерациясына расмий иш сапары менен барды. Аэропорттон аларды Мамлекеттик Думанын төрагасынын орун басары Анна Кузнецова баштаган расмий өкүл тосуп алганын парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Төраганы депутаттар: Талант Мамытов, Гүлнара Баатырова, Гуля Кожокулова, Гүлнара Акимбаева, Жумабек Салымбеков, Айгүл Ахмедова, Жылдыз Эгенбердиева ошондой эле санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин биринчи орун басары Нурсултан Кубанов менен «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская коштоп барышты.
Алгач төрага Москва шаарында жайгашкан В.Ф. Орлов атындагы «Марьина Роща» мектебинде болуп, расмий делегацияга эмгек мигранттарынын балдарын жалпы билим берүү класстарына кабыл алуу үчүн өткөрүлүүчү тестирлөөнүн тартиби тууралуу маалымат берилди. Депутаттар тапшырмалардын татаалдыгына көңүл бурушуп, аларды мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштарын билдиришти. Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары тесттин мазмунун жана деңгээлин баалоо максатында өздөрү да тестирлөөдөн өтүп көрүштү.
«Чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештерибиздин балдары үчүн билим алууга жеткиликтүүлүк маселеси биз үчүн абдан маанилүү. Тестирлөөнүн шарттары түшүнүктүү, адилеттүү болуп, башка тилдик чөйрөдөн келген балдардын өзгөчөлүктөрү эске алынышы кажет», - деди Маматалиев.
Андан соң Кыргызстандын көргөзмө-соода борборунда (ВДНХ) төрага делегация мүчөлөрү менен бирге кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана эмгек мигранттары менен жолугушту. Баарлашуунун жүрүшүндө мекендештерди тынчсыздандырган актуалдуу маселелер көтөрүлүп, тиешелүү түшүндүрмөлөр жана жооптор берилди.