АКИpress - Американын президенти Дональд Трамп 14-15-май күндөрү Кытайда болот. Бул тууралуу Ак үйдүн катчысы Кэролайн Ливитт брифинг учурунда билдирди.
Ливитттин айтымында, Трамп менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусу Бээжинде өтөт. Кийинчерээк Трамп өзү Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусу 14-15-май күндөрү Бээжинде боло турганын тастыктады.
Буга чейин Трамптын Кытайдагы сапары март айынын аягы же апрелдин башына пландалган. Бирок Ирандагы абалга байланыштуу сапардын убактысы жылдырылган.