12:10, 26-март, 2026

Иран Ормуз кысыгын дос мамиледеги өлкөлөр үчүн ачты

На русском
09:39, 26-март, 2026 226

АКИpress - Кас эмес кемелер Тегеран менен макулдашуу аркылуу Ормуз кысыгынан өтө алышат. Иран бийлиги мындай билдирүүнү Бириккен улуттар уюмунун коопсуздук кеңешине жана Эл аралык деңиз уюмуна жолдогонун «Financial Times» жана «Reuters» басылмалары жазышты.

«Башка мамлекеттерге таандык же алар менен байланышы бар кас эмес кемелер — эгерде алар Иранга каршы агрессиялык аракеттерге катышпаса, аларды колдобосо жана коопсуздук эрежелерин сактаса — Иран бийлиги менен макулдашуу аркылуу Ормуз кысыгынан коопсуз өтүү укугунан пайдалана алышат», - деп айтылат билдирүүдө.

25-мартта Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи Ормуз кысыгынан өтүүгө өзгөчө Кытай, Россия, Индия, Ирак жана Пакистан уруксат алганын тактады.

«Биз дос деп эсептеген айрым өлкөлөргө Ормуз кысыгынан өтүүгө уруксат бердик. Биз Кытай, Россия, Индия, Ирак жана Пакистанга жол ачтык. Душманыбыздын кысык аркылуу өтүүсүнө жол берүүгө эч кандай себеп жок», - деди Арагчи (Ирандын «Tasnim» агенттигинин маалыматы боюнча).

«FT» басылмасы кемелердин мониторингине таянып жазгандай, акыркы күндөрү Иран өзүнүн аймактык сууларындагы каттам аркылуу аз сандагы танкерлердин өтүүсүнө уруксат берип жатат. Ормуз кысыгы аркылуу өткөрөр алдында аларды текшерип жаткан болушу мүмкүн. Ошол эле учурда айрым танкерлерди — негизинен кытайлык кемелерди — Иран мурунку жумаларда деле өткөрүп келген.

Ормуз кысыгы Перс булуңун океан менен туташтырат. Бул Жакынкы Чыгыштан чийки зат жеткирүүдөгү эң маанилүү тилке. Ал аркылуу дүйнөлүк чийки мунайдын дээрлик 35%ы жана суюлтулган жаратылыш газынын 20%ы ташылат.

28-февралда АКШ жана Израил Иран менен согуш баштагандан кийин, Тегеран Ормуз кысыгын жаап, ал жерден өткөн кемелерге чабуул жасай баштаган. Чыр-чатак башталгандан бери кеминде 22 кемеге кол салуу болду. 3200гө жакын кеме тобокелге барбай, Перс булуңунда туруп калган.

22-мартта АКШ президенти Дональд Трамп Ирандан кысыкты эки сутканын ичинде толугу менен ачууну талап кылып, антпесе Ирандын электр станцияларын бомбалай турганын айтып коркуткан. Бирок кийинчерээк бул пландан баш тартып, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү чечими кабыл алынган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»