18:40, 26-март, 2026

1-апрелден тарта Россиядан накталай рубль алып чыгууга чектөө кирет

На русском
09:17, 26-март, 2026 777

АКИpress - Россиянын президенти Владимир Путин өлкөдөн накталай рубль жана алтын куймаларын алып чыгууга чектөө киргизген жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, 2026-жылдын 1-апрелинен тарта Россиядан Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерге накталай рубль алып чыгууга тыюу салынат: 

  • жеке жактарга — Борбордук банктын ошол күндөгү курсу боюнча 100 миң доллардан ашкан өлчөмдө;
  • юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге — көлөмүнө карабастан, толугу менен.

Акчаны Россиянын эл аралык аэропортторундагы аба өткөрмө пункттары аркылуу гана алып чыгууга уруксат берилет. Бул үчүн банктан күбөлөндүрүлгөн, эсептен же депозиттен акча алынганын тастыктаган көчүрмөлөр, ошондой эле Россия өкмөтү аныктай турган башка документтер керек.

Мындан тышкары, 2026-жылдын 1-майынан тартып Россиядан жалпы салмагы 100 граммдан ашкан аффинаждалган алтын куймаларын алып чыгууга да тыюу салынат. Бул талап жеке жактарга, юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге тиешелүү.

Ошол эле учурда өзгөчө учурлар каралган. Алтынды төмөнкү учурларда алып чыгууга уруксат берилет:

  • ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге Москвадагы (Внуково, Домодедово, Шереметьево) жана Владивостоктогу (Кневичи) эл аралык аэропорттор аркылуу, Федералдык пробирдик палатанын корутундусу бар болсо;
  • ЕАЭБге кирбеген мамлекеттерге жеке жактар ошол эле аэропорттор аркылуу жана Федералдык пробирдик палатанын корутундусу менен;
  • юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн — ЕАЭБге кирбеген мамлекеттерге.

Бул чектөөлөр накталай рубль жана алтын куймаларын өлкөдөн алып чыгып жаткан кредиттик уюмдарга тиешелүү эмес.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»