АКИpress - Түркияда өтө турган бокс боюнча эл аралык мелдешке катыша турган Кыргызстандын курама командасы белгилүү болду.
«Ahmet Cömert Bosphorus» мелдеши 29-мартта Стамбул шаарында башталат.
Кыргызстандан алты спортчу машыктыруучулар Беганыс Султанбаев жана Кенжебек Мусакуновдун жетекчилиги астында ат салышат. Алар:
50 кг чейин — Анваржан Хожиев
55 кг чейин — Зафарбек Камилов
60 кг чейин — Мунарбек Сейитбек уулу
65 кг чейин — Омар Ливаза
70 кг чейин — Ихтияр Нишонов
75 кг чейин — Султан Асанкул уулу.