04:49, 26-март, 2026

УКМК «Оргтехстрой» курулуш компаниясынын башкы директорун кармады

18:32, 25-март, 2026 1068

АКИpress - Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн «Оргтехстрой» ААКтын башкы директору И.К.М. кармалды, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы 25-мартта.

Расмий маалымат боюнча, иш өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча тергелип жатат. 

«1968-жылы туулган И.К.М. компаниядагы негизги акционерлердин бири жана иш жүзүндөгү ээси болуп туруп инвесторлорду атайын алдаган. Курулуш иштерин жүргүзүү үчүн каражат жетишсиз экенин билип, ал компаниянын активдерин күрөө катары көрсөтүү менен инвестиция алган. Бирок бул активдер буга чейин эле үчүнчү жактарга сатылып кеткен», - деп билдирди УКМК.

Шектүү 24-мартта убактылуу камакка алынды. Тергөө жүрүп жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»