19:30, 25-март, 2026

Беш жыл ичинде чет өлкөгө иштегени кеткен кыргызстандыктардын саны кыскарды, - адис

На русском
17:57, 25-март, 2026 153

АКИpress - Эгер 5 жыл мурда жылына орточо эсеп менен 1 миллионго жакын кыргызстандык эмгектенүү үчүн чет өлкөгө кетсе, учурда бул көрсөткүч кыйла азайды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун эмгек миграциясы башкармалыгынын жетекчиси Эсенбек Эргешов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мунун бир себеби — өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдын жакшырышы жана эмгек акынын жогорулашы болду. Мурда жумушчу күчүн экспорттогон Кыргызстан азыр өзү чет элдик жумушчуларды кабыл алууда.

Ал түшүндүргөндөй, жумушка орноштуруунун түзүмү да өзгөрдү. Беш жыл мурда чет өлкөгө кеткендердин 1%ы гана расмий каналдар аркылуу ишке орношсо, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 15%га жетти. Эргешов муну жарандардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу мыйзамдуу ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү билиминин жогорулашына, ошондой эле ортомчу агенттиктерди мониторинг жана көзөмөлдөө менен байланыштырды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»